Айдоочуларга эскертүү! Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөр мажбурлап түшүрүлөт
Бүгүн, 18-март күнү ӨКМнын жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери Бишкек — Ош унаа жолунун Чүй облусунун аймагында кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү ишин жүргүзүшөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ага ылайык, кечээ, 17-мартта Бишкек — Ош унаа жолунун кар көчкү түшүү кооптуулугу бар төмөнкү тилкелеринде артиллериялык эсепти колдонуу менен жумуш жүргүзүлдү.
Алар:
- 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) кар көчкү түшкөн эмес;
- 227-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) көлөмү 46 миң 910 метр куб кар көчкү;
- 222-чакырымында (Ала-Бел тилкеси) 8 миң 820 метр куб жалпы көлөмү 161 миң 130 метр куб кар көчкү түшүрүлгөн.
Түшкөн кар көчкүлөр унаа жолго жеткен эмес.
"Урматтуу жарандар! Кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүүдө унаа жолдо маал-маалы менен чектөө киргизилип турат.
Мындан улам жарандарды абалды туура түшүнүү менен кабыл алууну жана сак болууну чакырабыз",-деп айтылат маалыматта.
