Уксус ичип алган кичинекей бала эсиңиздеби? Аны куткарып калган милиция кызматкери сыйланды




Бишкек шаардык милициясы кичинекей шаар тургунунун өмүрүн сактап калган кызматкерлерин сыйлаганын кабарлады.
Кабарлангандай, Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Айбек Ажыбаев кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, кынтыксыз кызматы, эрдиги, кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, шаардык милициянын басма сөз кызматынын инспекторлору, милициянын ага лейтенанты Кубаныч Абдыкулов жана Мирлан Таалайбековго ардак грамоталарды тапшырган.
Эске салсак, аталган милиция кызматкерлери 11-марттаа саат 18:30 чамасында нөөмөттө болушкан. Ошол маалда аларга борбор калаанын жашоочусу Рамазан аттуу кичинекей баласы кокусунан уксус ичип алганын айтып, жардам сурап кайрылган.
Инспекторлор дароо жерине барып, аялды жана анын уулун кызматтык унаасы менен №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткиришкен. Ал жактан медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Ошондой эле жетекчилик Бишкек ШИИББинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын полковниги Гайрат Рахмановду куттуктап, куттуктоо баракчасын тапшырган.
