super.kg logo

"Жашоо ушундай". Путин Навальныйдын өлүмү боюнча үн катты

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Алексей Навальныйдын колониядагы өлүмү боюнча комментарий берди.

Шайлоо штабында журналисттер менен болгон баарлашуунун алкагында мамлекет башчысы Навальныйдын алмашуусуна макулдук берүүгө даяр болгонун билдирди.

"Навальный мырза жөнүндө айтсам, ооба, ал көз жумду. Бул ар дайым кайгылуу окуя. Бизде абакта каза болгондор дагы болгон. Бул Кошмо Штаттарда болгон жок беле?! Бул бир эмес, бир нече жолу болгон", - деди Путин.

Орус президенти ошондой эле Навальныйды Батыштагы туткундардын бирине алмаштырууга макул болгонун билдирди.

"Навальныйды батыш өлкөлөрүндө жүргөндөргө алмаштыруу идеясы бар болчу, мен макул болгом, биз аны кайра кайтып келбеши үчүн алмаштыргыбыз келген. Бирок ушундай болуп кетти, жашоо ушундай", - деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, 47 жаштагы Навальный 16-февралда Ямало-Ненецк автономиялык округундагы колонияда каза болгон. 24-февралда сөөгү апасы Людмила Навальнаяга берилген.

Саясатчы түрмөдө 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал 9 жылга эркинен ажыратылган болчу.






Путин Навальныйдын өлүмү боюнча үн катты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: