super.kg logo

"Сүйлөшүп алышкан". Ала-Букада кен казган ишканада уурулук фактысы аныкталды

 
Ала-Букада кен казган ишканадагы болгон уурулук ишинин бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ала-Бука РИИБине район аймагындагы кен казуучу ишкананын юристи арыз менен кайрылган. Ал 12-мартка караган түнү кен казуучу ишкананын кампасынан 6 даана жез зым түрмөгүн белгисиз адамдар уурдап кеткенин айткан. Натыйжада кен казуучу ишканага 240 миң сомдук зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Ала-Бука районунун тургундары 1989-жылы туулган Ч.С., 1995-жылы туулган Ж.К. жана кен казган ишкананын күзөтчүлөрү 1980-жылы туулган Б.Г., 1985-жылы туулган К.К., 1997-жылы туулган Ж.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 17-мартта алардын баш коргоо чарасы райондук сотто каралып, бардыгы үй камагына чыгарылган.
Тергөөдө күзөтчүлөр жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп, аларды түнкү убакытта унаага салып посттон алып өтүп, уурулук фактысына көмөктөшкөндүгү аныкталган.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: