Москвада добуш берип жаткан кыз урнага жашыл боёк куюп салды (видео)
Москвадагы президенттик шайлоо өтүп жаткан шайлоо участокторунун биринде добуш берүүгө келген кыз урнага жашыл боёк куюп салды. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.
Ал бюллетенди көтөрүп келип салып, андан кийин Украинаны жактаган ураан менен урнага жашыл боёкту куюп салган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, кимдир бирөө ага телефон аркылуу көрсөтмө берген.
Кыз ошол жерден кармалып, ага карата иш козголду. Ал 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Кийинчерээк Москва шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Дмитрий Реут боёк төгүлгөн бюллетендер саналганын билдирди.
Москвада добуш берип жаткан кыз урнага жашыл боёк куюп салды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.