Гүлжан Шерипбаева: "24.kg маалымат агенттигине эч кандай тиешем жок"
24.kg маалымат агенттигине эч кандай байланышым жок. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына Nazarnews маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаева билдирди.
"24.kg'нин мага эч кандай тиешеси жок. Ал медианын ички саясатын, тышкы саясатын да билбейм. Жетекчиси ким болору бүгүн, эртең Юстиция министрлигинин базасына жарыяланса керек", - деди ал.
Эскерте кетсек, буга чейин интернет желесинде аталган медиа мурдагы негиздөөчүсү Асел Оторбаевадан "Назарньюс" сайтынын редактору Гүлжан Шерипбаевага өткөнү тууралуу сүрөттөр тараган.
Ага чейин 15-январда УКМК кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесине тинтүү жүргүзүп, "согушка үгүттөө" беренеси менен козголгон иштин алкагында директору жана башкы редакторлору тергөөгө сурак берип чыккан.
