"Кылмыш деп эсептебейм ". Аскат Жетиген сот залына алып келинди (видео)
Бүгүн, 18-мартта ырчы, акын жана активист Аскат Жетиген Биринчи май райондук сотуна алып келинди.
Бүгүн анын баш коргоо чарасы тандалат. Аскат Жетиген өзүнө коюлган айыптарды четке какты.
"Буга чейин кайрылуу жасап келгеним чын. Айткандарымдын баарын мойнума алам. Бирок аларды кылмыш деп эсептебейм", - деди ал.
Белгилей кетсек, ал УКМК тарабынан 16-мартта Кочкор районунан кармалып, Бишкек шаарына алып келингени маалым болгон.
Аскат Жетиген буга чейин бийликти сындап келген. Акыркы ирет 15-мартта кайрылуу жасап, бийликти сөгүп билдирүү жарыялаган эле.
Биринчи май райондук соту 18.03.24.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.