"Сары-Ой, Зарыкканда". Сот залында Аскат Жетигендин ырлары жаңырып... (видео)

Бүгүн, 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ырчы, акын жана активист Аскат Жетигендин баш коргоо чарасы жабык эшик артында каралууда.
Анын бөгөт чарасы эмне себептен жабык эшик артында каралып жатканы айтылган жок. Сотко келген Аскат Жетигендин жоро-жолдоштору, укук коргоочулар жана активисттер сот залына киргизилген жок.
Судья чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетти. Ал арада ырчыны колдоп келгендер сот залынан жанында анын аткаруусундагы Сары-Ой, Зарыкканда өңдүү ырларын угушууда.
Аскат Жетиген жараяндын алдында журналисттерге учкай комментарий берип, өзүнө коюлган айыптарды четке каккан.
Белгилей кетсек, ал УКМК тарабынан 16-мартта Кочкор районунан кармалып, Бишкек шаарына алып келингени маалым болгон.
Аскат Жетиген буга чейин бийликти сындап келген. Акыркы ирет 15-мартта кайрылуу жасап, бийликти сөгүп билдирүү жарыялаган эле.
Биринчи май райондук соту 18.03.24
Биринчи май райондук соту 18.03.24
Биринчи май райондук соту 18.03.24
