Өлкөдө кызамык менен катталгандар 5,5 миңге жетти
Өлкөдө 12-мартка карата кызамыктын 5 миң 446 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунан маалымдашты.
Бишкек шаары боюнча 1 653, Ош шаары боюнча 334, Ош облусунда 907, Баткен облусунда 133, Чүй облусунда 1 228, Жалал-Абад облусунда 975, Ысык-Көл облусунда 86, Талас облусунда 76 жана Нарын облусунда 54 учур катталды.
Маалымдалгандай, кызамык вирусу өзгөчө Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жайылып жатат. Бул аймактарда оорунун көрсөткүчүнүн жогору болгонуна оорулуулар менен байланышта болгон адамдар арасында вирустун кеңири жайылып жатканы себеп болууда.
Медиктердин айтымында, балдар жана чоңдор арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуу оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби бойдон кала берүүдө.
