Битир-садаканы "О!Деньги" капчыгы аркылуу комиссиясыз онлайн бериңиз
Рамазан айында мусулмандарга битир-садаканы сөзсүз берүү сунушталат. «О!Деньги» капчыгынын колдонуучулары кайрымдуулук үчүн каалаган сумманы бир нече басуу менен жана комиссиясыз жөнөтө алышат.
Битир-садаканы кантип онлайн берсе болот?
- Google Play’ден же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин жүктөп же жаңыртып алыңыз.
- «О!Деньги» капчыгын ачыңыз.
- Алгач «Төлөмдү», андан соң «Жакшы иштерди» тандап, «Битир-садаганы» табыңыз;
- Каалаган сумманы көрсөтүп, төлөңүз.
«О!Деньги» капчыгы аркылуу башка кайыр-садаканын түрлөрүнө дагы каражаттарды жөнөтсө болот: жетимдер, кайрымдуулук, зекет.
Белгилей кетели, бардык которулган каражаттар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине түшөт.
Салт болуп калгандай, Орозо кармагандардын ыңгайлуулугу үчүн «Мой О!» тиркемесинде Орозо онлайн-календары каралган. Сервисте ооз бекитүүнүн жана ооз ачуунун актуалдуу убактысын жана таймерди камтыган ырааттама бар, ошондой эле дубалардын текстин жана маанисин караса болот.
Календарды кантип тапса болот?
- «Мой О!» тиркемесин ачыңыз.
- Тиркеменин башкы бетинен «Орозо-2024 календары» баннерин басыңыз.
- Жакынкы калктуу конушту тандаңыз.
«О!Деньги» финансылык сервисинин командасы ыйык Рамазан айында чын жүрөктөн тынчтык, кубаныч жана бакубатчылык каалайт!
*«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц.
