super.kg logo

Бишкекте сойкулардан акча талап кылып келген шектүүлөр кармалды (видео) 

 

Бишкекте опузалап акча талап кылганга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга борбор калаада көп убакыттан бери туруктуу уюшкан кылмыштуу топ иштеп жаткандыгы, анын уюштуруучусу мурда бир нече жолу соттолгон "Ы" аттуу жаран экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ал жасалма кызматтык күбөлүгүн жана белгисиз үлгүдөгү куралын көрсөтүп, өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып жүргөн.

Анын уюштурган тобу "Притон-Бабочка" профилактикалык иш-чарасын шылтоолоп, интимдик кызмат көрсөткөн кыздардан дайыма акча талап кылып келишкен. Шектүүлөр акча каражаттарын накталай, кээ бир учурларда M-BANK тиркемеси же башка банктык операциялар аркылуу алып турушкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (Опузалап пара талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1995-жылы туулган И.Ы., 2002-жылы туулган А.Э., 2003-жылы туулган И.А. жана 1995-жылы туулган Э.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмышка шектүүлөрдүн биринен кызматтык күбөлүгү табылып, ага тиешелүү экспертиза дайындалган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.






18.03.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: