super.kg logo

Алагөзов элди телефон шылуундардан сак болууга чакырды

 
Учурда ар кыл көз боёмочулуктар күч алууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, алдамчылар президенттин, башка мамлекеттик кызматкерлердин атын жабынып алып сыйлык, наамдарды тапшырууну убадалап, акча сурашууда.
"Алар ар кандай шылтоолор менен мамлекеттик органдардын иш-чараларына телефон аркылуу чакырып, акча чогултуп жатканын айрым маданият кызматкерли маалымдашты.
Ушуга байланыштуу дагы бир жолу коомчулукка кайрылууну туура көрдүк.
Президенттин администрациясы же мамлекеттик органдардын атынан кимдир бирөөлөр иш-чарага чакырып, анан ал үчүн акча сураса - бул алдамчылар деп билиңиздер. Мамлекеттик кызматкерлер президенттин атынанбы, министрлер кабинетинин төрагасынын атынанбы, же башка кызматтык адамдардын атынан болобу майрамдык иш-чараларга чакырып, сыйлык, наамдарды тапшырууда эч убакта акча чогултпайт.
Эгер сиз менен бейтааныш адамдар байланышып, мамлекеттик кызматкерлерге ыраазычылык катары каражат чогултуу маселесин көтөрсө, ошол замат тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылыңыздар. Телефон аркылуубу же соцтармак аркылуубу ар кандай мыйзамсыз аракеттерге барган алдамчылар, көз боёмочулар үчүн мыйзам чегинде тийиштүү жоопкерчилик каралган", -деди ал.





18.03.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: