super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов Газадагы аскердик аракеттерди токтотууга чакырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнүн ачылышына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, ал ардагерлерди жана дипломатиялык кызматкерлерди мааракелери менен куттуктап, бул жылдар аралыгында кыргыз дипломатиясынын башатында өлкөбүздүн көрүнүктүү дипломаттары, патриоттору, мамлекеттик жана илимпоздору иштегенин белгиледи.

Ага ылайык, Эдил Байсалов Газадагы гуманитардык абал тууралуу да билдирүү жасады.

Билдирүүнүн тексти тиркелет.

"Алты айдан бери күн сайын дүйнө Газа калкынын методикалык түрдө жок кылынышына күбө болууда.

Буга чейин 13 миң бала каза курман болгон. БУУнун 165 кызматкери жана 95 журналист набыт болду. Алардын көбү атайылап өлтүрүлгөн. Мунун баары документтештирилди!

Биз 2024-жылы болгон мындай геноцидди түз берүүлөрдөн көрүп жатабыз.

Эки миллион палестиналык ачарчылыктан жапа чегип, дүйнө эч нерсе кыла албай жатканын түз эфирден көрүп жатабыз.

Кыргызстан терроризмди айыптайт. Октябрда биз Израилдин жарандарына кол салууну айыптаганбыз. Биз Израил элинин өзүн коргоо укугун тааныйбыз, бирок жөөт өкмөтү өзүн эл аралык укуктан жана БУУнун жогору коюуга укугу жок.

Кыргызстан эл аралык коомчулукту жана биринчи кезекте Израилдин башкы демөөрчүсү АКШны бул акылсыздыкты жана геноцидди токтотууга чакырат”,-деп билдирди Байсалов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: