super.kg logo

Улакчы Аскат Аскаров Чүй элинен кечирим сурады (видео)

 

Ысык-Көлдүн "Мурас" командасынын оюнчусу Аскат Аскаров көк бөрү сүйүүчүлөрдөн жана жалпы Чүй элинен кечирим сурады.

Ал кайрылуусунда "Сары-Өзөндүн" оюнчусу Султан Руслановду сүзүп алганын, андан кийин улакчынын буту сынганын айтып, тезирээк сакайып кетишине тилектеш экенин билдирди.

"Сары-Өзөн" -"Мурас" оюнунда улакчы Султан Руслановду оюн учурунда мен сүзүп алып буту сынып калды. Султан досумдан, көк бөрү сүйүүчүлөрүнөн, Чүй элинен кечирим сурайм. Ал жерде сынып кетет деген оюмда жок болчу, эмоцияга алдырып сүзүп алгам. Султан эртерээк сакайып, оюнга чыксын. Бул деген спорт экен, Султан Руслановду кийинки оюндарда көрөбүз деп ишенем", - деди Аскаров.






Улакчы Аскат Аскаров кечирим сурады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: