Акылбек Жапаров "Жунда" мунай иштетүүчү заводуна барды





Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Балта шаарындагы "Жунда" мунай заводуна барды.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, анда Жапаров оңдоо иштеринин жүрүшү, заводдун өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү, нефтини кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнүн перспективалары менен таанышты.
Министрлер кабинетинин башчысы тиешелүү түзүмдөргө заводдун потенциалын, жумуш орундарын жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен ишкананы ийгиликтүү ишке киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү тапшырды.
Заводду мурдагы кубаттуулукта ишке киргизүү 2024-жылдын экинчи кварталына болжолдонууда. Ишканада капиталдык оңдоо иштери былтыр ноябрда башталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

