super.kg logo

Нооруздагы майрамдык тамак сүмөлөк кантип жасалат? Сүмөлөктүн тарыхы

 

Сүмөлөк - Нооруз майрамында дасторконго коюлуучу негизги тамак. Аны бышыруу жөрөлгөсү майрамга 10-15 күн калганда башталат. SUPER.KG порталы бул жолу майрамдык тамак сүмөлөк тууралуу маалымат топтоду.

Сүмөлөк жасоодогу эң негизи азык - бул өндүрүлгөн буудай. Ал 11 күндө өндүрүлөт. Сүмөлөк салтка ылайык Ноорузга 1 күн калганда бышырылат. Сүмөлөк кайнап жатканда каалоочулар келип, аралаштырып, каалоо-тилектерин айтып кетишет. Түнү менен оозу жабылып демделип, таң атканда ата-апалар өздөрүнүн баталарын айтып ачып, алгач чыпалак менен ооз тийилет.

Сүмөлөктүн жасалуу ыкмасы

Сүмөлөк жасоодо алгач 5 же 7 килограмм жогорку сапаттагы буудайды тазалап жууп, бир күн сууга чыланат. Эртеси көбө түшкөн буудайды супуранын, тактайдын бетине жайып коюшат. Өтө кургап кетпеш үчүн улам суу чачып туруш керек. Качан буудай өнүп, жарым карышка жакын калганда сокуга салынып жанчылат. Сүмөлөк бышырылчу казандын түбүнө ырым кылып 41 таш салынат. Андан соң буудайдын ширесин, мейиз, өрүк жана башка азыктар майдаланып казанга салынат. Сүмөлөк бышканга чейин тынымсыз аралаштырып туруу керек. Сүмөлөк даяр болгондо казандын үстү жылуу жабылып, 5-6 саатка демделет. Нооруздун таңында сүмөлөктү бата тилеп ачышат. Сүмөлөктү бышыруунун негизги максаты – аны элге ооз тийгизип, алардын ыраазычылыгын жана сообун алуу.

Сүмөлөктүн тарыхы

Сүмөлөктүн келип чыгышы жөнүндө ар кандай уламалар айтылат. Алсак, алардын бири илгери өткөн заманда, жаркыраган жаздын алгачкы айында калкты ачарчылык каптайт. Эл ичинде өлүм-житим көп болот. Тамак сурап чыркыраган балдардын үндөрү басылбайт. Ошондо энелердин айласы кетип, бир ойго келишип, ар кимиси колдорунда болгон тамак-аштарын ортого чыгарышат. Бирөөсү бир чымчым ун, экинчиси бир кашык май, үчүнчүсү бир бир ууч талкан. Ошентип тапкан азыктарын казанга салып, толтура суу куюп, түбүнө 9 таш салышып кайната башташат. Апалар казанды аралаштырган сайын Кудайдан "элге токчулук бере көр" деп суранышат. Ошентип таң атканча казанга от жагылып, кайната беришет. Таң атканда казанды ачышса бир казан сүмөлөк болот. Ошентип калк ачарчылыктан аман калат. Мындай ширелүү, күлазыктуу, касиеттүү тамакты эл Сүмөлөк деп аташат. Ошол жылы элдин тилеги кабыл болуп, жаз токчулукту алып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: