super.kg logo

"Жалганчыларга жооп бергенге убактым жок". Президент Мелис Аспековдун каты боюнча үн катты

 

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине кезектеги маегин берип жатып, мындан бир нече күн мурда социалдык тармактарга жарыяланган активист Мелис Аспековдун каты боюнча комментарий берди.

Анда Садыр Жапаров журналисттин "Камактагы жаран Мелис Аспековдун каты боюнча комментарий бересизби?" деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди.

"Андай шылуундарга жооп беришти ашыкча деп ойлойм. Былжырак жалганчылар үчүн жооп бергенге убактым да жок", - деди президент.

Эске салсак, мындан бир нече күн мурда социалдык тармактарда Мелис Аспековдун каты жарыяланып, катта ал октябрь окуяларында Садыр Жапаров Райым Матраимовдон 3 миллион доллар алгандыгын жазган.

Активист Мелис Аспеков күчөтүлгөн режимде 7 жылга эркинен ажыратылган. Ал былтыр январь айында кармалып, 23-майда президенттин “Соттолгондорго ырайым кылуу жөнүндө” жарлыгы менен колониядан бошотулган.

Бирок ошол эле жылдын сентябрында ал кайрадан массалык баш аламандыкка даярданган деген айып менен кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан түрмөгө кесилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: