super.kg logo

ИИМ: "Нооруз майрамында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт"

 

Нооруз майрамын белгилөө күндөрүндө ички иштер министрлигинин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу ИИМдин бүгүн, 19-марттагы онлайн жыйынында маалымдалганын министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, министр Улан Ниязбеков өлкөнүн эч бир жеринде массалык башаламандык, кагылышуу, тартип бузууга жол берилбеши керектигин эскертти. Ошондой эле майрамды жапырт белгилөө учурунда жаш балдардын жоголуп кетүүсүнөн сак болууга чакырды.

"Төрт күнгө созулуучу дем алышта жана Нооруз майрамы учурунда атайын, күчөтүлгөн иш тартибинин планы түзүлдү. Анын ичинде коомдук тартипти сактоо, жол-транспорт кырсыктарына жол бербөө сыяктуу иш-чаралар бар", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, өлкөдө Нооруз майрамына карата төрт күндүк эс алуу жарыяланган. Ошондой эле майрам үч күнгө созулуп, шаардагы айрым борбордук көчөлөр 18-22-март күндөрү жабык болору кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: