super.kg logo

Орхан Инандынын паспорт алышы: Ошол кездеги чиновниктерге сот өкүмү чыкты

 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбевдин аппарат жетекчиси болуп иштеген Фарид Ниязов, УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев жана Жарандык маселелер боюнча комиссиянын мурдагы катчысы Эрнис Апилов Түркиянын 10 жаранына, анын ичинен Орхан Инандыга Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берүү иши боюнча акталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдирди.

Маалымдалгандай, мындай чечимди Биринчи май райондук соту 18-мартта чыгарган.

Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы) “Коррупция” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелери менен шек саналган Бусурманкул Табалдиев анын аракетинде кылмыштын курамы жок деген негиз менен акталды.

Коррупцияга айыпталган Фарид Ниязов менен Эрнис Апиловго да ушундай эле жүйө менен актоо өкүмү чыкты.

Эске салсак, Орхан Инанды 2021-жылы 1-июнда Бишкек шаарында жоголгон. Кийин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган аны атайын кызмат Анкарага алып барганын кабарлаган болчу. Анкаранын Жогорку Соту Орхан Инандыны “куралдуу террордук уюмду башкаруу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 2023-жылы июнь айында 21 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: