Быйыл жол кырсыгынан каза болгондордун саны былтыркыга салыштырмалуу азайды

Маалыматка караганда, бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 24,1 пайызга аз. Быйыл 1-январдан 17-мартка чейин өлкө аймагында 1 173 жол кырсыгы катталып, 1 673 киши ар кандай жаракат алып, 82си көз жумган.
"Ушул эле аралыкта өспүрүмдөр катышкан 245 жол кырсыгы катталган. Өткөн жылга салыштырмалуу балдар катышкан жол кырсыктары 15,2 пайызга азайган. Ошондой эле жаракат алгандардын саны 23,5 пайызга, жол кырсыгынан көз жумган өспүрүмдөрдүн саны 35,7 пайызга кыскарган", - деп айтылат билдирүүдө.
Жол кырсыктарын алдын алуу максатында рейддер жүргүзүлүп, ЖКККББ кызматкерлери тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүп келери кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.