super.kg logo

Кара-Балтада ок атуу болуп, милиция кызматкерлери качып кетти (видео)

 

Кара-Балта шаарында Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери УКМК кызматкерлери кармамакчы болгондо качып кетти. Бул тууралуу Kaktus.media сайты укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен жазды.

Басылманын маалыматына караганда, кармоо кечээ, 19-март күнү кечинде УКМКнын Чүй облусу боюнча кызматкерлери жүргүзгөн атайын операциянын жүрүшүндө Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн биринде болгон.

"Анда пара бермекчи болгон адам милиция кызматкери менен жолугуп, белгиленген акчаны берген. Бул учурда колго түшүрүү керек болчу, бирок шектүү бир нерсени байкап калып, дароо унаасын айдай качкан. Атайын күчтөр дөңгөлөккө ок чыгарган, бирок шектүү качып кетүүгө үлгүргөн.

"Шектүү кызматкер белгиленген акчаны ыргытып жиберүүгө үлгүргөн. Учурда шектүүнү издөө иштери жүрүп жатат. Бир аздан кийин укук коргоо органдарындагы булак кеп үч милиция кызматкери жөнүндө болуп жатканын кошумчалады. Алар изделүүдө", - деп жазды аталган сайт.

УКМК бул боюнча расмий маалымат бере элек.






Кара-Балтада ок атуу болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: