Эмгек министринин жаңы орун басарлары дайындалды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин жаңы орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Министрлер кабинетинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамат уулу Чыңгызбек (санариптик өнүктүрүү боюнча) жана Дарманбек уулу Бакыт эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эске салсак, эмгек министринин эки орун басары 11-мартта ээлеген кызматынан бошотулган. 14-мартта министрдин биринчи орун басары болуп Жыпариса Рысбекова дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

Рейтинг:
0

