super.kg logo

Акыйкатчынын орун басары Ош шаарындагы карылар үйүнөн кабар алды 

 

Акыйкатчынын орун басары Жанибек Жоробаев Ош шаарындагы карылар үйүнө барды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жоробаев карылар интернатына институттун Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен бирге андагы жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү үчүн барган.

Текшерүүдө улгайган адамдар бир бөлмөдө төрттөн жашап жатканы аныкталган. Ошондой эле карылар менен сүйлөшүүлөр уюштурулуп, алар жашаган шарттарына нааразы эмес экендигин айтышкан. Жолугушуу учурунда интернатта 15 аял, 13 эркек жалпысынан 28 улгайган адам болгон.

Жашоочулардын бири акыйкатчынын орун басарынан 1990-1997-жылдар аралыгында иштеген жумушунан айлык акы тууралуу маалым кат алууга жардам берүүнү суранган.

"Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Акыйкатчы институту мамлекеттик органдарга жатак интернаттагы улгайган адамдардын укуктарын эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык сактоону камсыздоого чакырган расмий документтерди жөнөткөн", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Жоробаев интернаттын жетекчилигин карылардын укугун камсыздоого чакырган. Ал эми мекеме жетекчилги алдыда жаңы имаратка көчүү пландалып жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: