super.kg logo

Нооруз 2024: Айрым коомдук транспорттордун багыты убактылуу өзгөрдү

 

Борбор калаада майрамдык иш-чараларга байланыштуу шаардын борборунда унаа кыймылы жабылды жана айрым коомдук транспорттордун багыты өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Маалыматка караганда, жаз майрамы Ноорузду белгилөө учурунда Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин каттаган коомдук транспорт убактылуу Киев көчөсүнө багытталат.

Эске сала кетсек, "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу 18-марттан 23-март түнкү саат 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү, ошондой эле Раззаков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жана Орозбеков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жабылды.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жол кыймылынын катышуучулары бул аргасыз чаранын киргизилишин түшүнүү менен кабыл алат деп үмүттөнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: