super.kg logo

Нарын шаарында 5 миллион сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

 
Нарын шаарында 5 миллион сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Эсептөө палатасы билдирди.
Маалыматта ылайык, Нарын шаарында 2021-2022-жылдар аралыгындагы жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 5 миллион 237,1 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталган:
  • мамлекетин бюджеттик тутумундагы тиешелүү бюджеттерине которулбаган каражаттар – 333,1 миң сом;
  • капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы мыйзам бузуулар – 413,6 миң сом;
  • мүлктү сактоонун камсыздалбашы – 3314,6 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар – 48 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы жана башка бузуулар – 356 миң сом;
  • бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуу – 771,8 миң сом.
Мындан улам аудиттин жыйынтыгы боюнча президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Нарын шаардык мэриясына, шаардык кеңештин төрагасына отчет берилген. Ал эми текшерүү жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканаларга аныкталган каржылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар, сунуштар жөнөтүлгөн.
Ошодой эле Нарын шаардык муниципалдык транспорттук ишканасынын 2021-жылдын 1-январынан 2022-жылдын 31-декабрына чейинки аралыктагы бюджеттинин аткарылышына жана ишине дагы аудит жүргүзүлгөн. Анын алкагында жетпей калган 106,6 миң сом боюнча жана 1 миллион 950 миң сомдук эвакуатор боюнча материалдар УКМКнын Нарын облустук башкармалыгына укуктук баа берүү үчүн жиберилген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: