super.kg logo
  Саясат  

Жапаров “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду

 

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Граждандык кодексине, “Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кзматынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 7-мартта кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты өлкөдө лизинг сунуштоо шарттарын алга илгерилетүү, жеке адамдарга автоунааларды жана мото-транспортторду жеке пайдалануусу үчүн сатып алуу, ошондой эле лизинг рыногу инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн өбөлгөлөрдү түзүү – сунуштоочулар катарын көбөйтүү, дилердик түйүндөр чөйрөсүн кеңейтүү, тейлөө компанияларын ачуу, камсыздандыруу шарттарын өркүндөтүү аркылуу лизингге керектүү унаа каражаттарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо менен финансылык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кеңейтүү болуп саналат.

Мыйзамда зайымдарды берүү боюнча кесиптик иши КР салык мыйзамдарына ылайык коммерциялык юридикалык жактын статусундагы экономикалык иштин салыктык каттоосунан милдеттүү тартипте өткөрүлүүгө тийиш экендиги каралган.

Мындан тышкары, лизинг иши лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык лицензияланууга тийиш экендиги белгиленген. Министрлер кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген орган лицензиар болуп саналат (Улуттук банктын көзөмөлүндөгү юридикалык жактардан тышкары).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: