super.kg logo

Жазгы талаа иштеринде дыйкандарды мунай менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабай турганы айтылды

 

Дыйкандарды жазгы талаа иштерине керектелүүчү күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздайбыз. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

"Биз жыл сайын Айыл чарба министрлиги менен өзүбүз меморандум түзөбүз. Меморандум боюнча жазгы талаа иштеринде үзгүлтүсүз, керектүү көлөмдөгү мунай заттар менен камсыз кылып берүү кепилдигин алганбыз. Быйыл 100 миң тоннанын тегерегинде керек болот экен. Бул деген күзгү жыйын иштерине дагы керектелүүчү көлөм. Мунун жарымы гана азыркы маалга керектелет. Андыктан тынчсызданууга негиз жок, биз толугу менен камсыздап бере алабыз", - деди ал.

Ошондой эле Эшатов 4,5 жыл мурун күйүүчү майга карата бир баа коюлуп келгенин айтып, быйыл баа туруксуз болуп жатканын белгиледи. Ал буга Орусиядагы мунайга болгон баалардын өзгөрүп жатканын жүйө келтирди. Бирок ассоциациянын жетекчиси күйүүчү майга болгон бааны дүң баадан дагы 40, 50 тыйын арзандатып берүү милдетин алганын кошумчалады.






20.03.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: