super.kg logo

Жаан жаайт. Нооруз майрамындагы аба ырайы тууралуу маалымат

 

Эртең, 21-мартта түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдады.

Күндүз көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +9…+14,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +10…+15,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +12…+14 градус жылуу болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: