Ошто айрым унаа жолдор убактылуу жабылат
Ош шаарында Нооруз майрамына карата бүгүн, 20-мартта саат 14:00дөн тарта айрым жолдор жабылат. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.Маалыматка караганда, бүгүн, 20-мартта саат 14:00дөн баштап Ленин көчөсүнүн Аматов көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап, Баялинов көчөсүнө чейинки аралык унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Ал эми №2 троллейбустук каттам убактылуу токтойт.
"Ош мэриясы Курманжан-Датка көчөсүнүн түштүк тарабынан келүүчү автоунаалардын кыймылы Баялинов көчөсү аркылуу жүрө турганын маалымдайт. 22-мартта жол кыймылы кайрадан баштапкы калыбына келтирилет.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:26
2025-11-25
17:40
2025-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















