super.kg logo

Чүйдө Боз-Бөлтөк тоосуна 200 даана дарак көчөтү отургузулду

 

Бүгүн, 20-мартта Фрунзе токой чарбасынын аймагындагы Боз-Бөлтөк участогуна 200 даана көчөт отургузулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 50 даана липа, 50 даана ак чечек, 50 даана катальпа, 50 даана чынар теректин көчөттөрү "Жашыл Мурас" улуттук кампаниясынын алкагында Эл аралык токой күнүнө карата отургузулду.

Белгилей кетсек, 21-мартта бүткүл дүйнөдө Эл аралык токой күнү (International Day of Forests) же Бүткүл дүйнөлүк токойлорду коргоо күнү белгиленет. Ал 1971-жылы негизделген.

"Эл аралык токой күнү - бул токойлорду сактоо темасын жана алардын жер бетиндеги бардык жашоо үчүн маанисин белгилеген жыл сайын өткөрүлүүчү майрам. Адамдардын токой менен болгон мамилеси миңдеген жылдар бою тыгыз байланышта болгон", - деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Токой кызматынын кызматкерлери жана ФАОнун өкүлдөрү катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: