super.kg logo

Эл аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны Бишкектен кармалды (видео)

 

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан мурда издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек ШИИББинин кызматкерлерине Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин "Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу" беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында чет мамлекеттин жараны 1993-жылы туулган М.М. өз өлкөсүнүн аймагында эл аралык издөөгө жарыяланганы жана Бишкек шаарында жашырынып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ошентип, Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү Бишкектен кармалган.

Кылмышкер Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аны андан ары экстрадициялоо жана Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысына юридикалык баа берүү маселеси чечилери кошумчаланды.






Эл аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны Бишкектен кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: