super.kg logo

Сокулукта тургундан 50 миң сом талап кылган сот аткаруучу кармалды

 

Бүгүн, 20-мартта Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда 50 миң сом талап кылган деген шек менен сот аткаруучу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматтарга караганда, облустук башкармалыкка аял киши арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери кызматтык абалынан пайдаланып, андан 50 миң сом талап кылышканын билдирген.

Бул факты Чүй облусунун ИИБне катталып, өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жыйынтыгында Чүй облусунун ИИБнын тергөө кызматынын жана атайын операциялык отряддын кызматкерлери тарабынан акча каражатын алып жаткан учурда 1978-жылы туулган Сокулук райондук ИИБнин соттук аткаруучусу Р.Н кармалды.

Кармоо учурунда шектүүдөн белгиленген акча каражаты алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.






Сокулукта тургундан 50 миң сом талап кылган сот аткаруучу кармалды 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: