super.kg logo

Касымалиев: "Кант цемент заводу былтыр 4 эсе көп киреше берди"

 

Кант цемент заводу былтыр 4 эсе көп киреше берди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев аталган заводдогу жаңы линиянын курулушун баштоо салтанатында айтты.

Ал өз сөзүндө өндүрүштүк кубаттуулуктар кеңейген сайын мамлекеттин өнөр жай кубаттуулугу да жогорулагандыгын, ар бир завод-фабрика, ишкананын иштеп жана өнүгүп кетишине эң ириде мамлекет кызыкдар экенин белгиледи.

“Кант цемент заводу 2018-жылы мамлекетке салык жана төлөмдөр катары 280,6 миллион сом киреше берип келсе, 2022-жылы модернизация болгондон бери 747,3 миллион сом, 2023-жылы 857,5 миллион сом, башкача айтканда 4 эсе көп киреше берди”, - деди Касымалиев.

Ошондой эле ал былтыр Кант заводуна экспортко багытталган газобетон чыгаруучу линия үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду аркылуу 8,5 миллион долларлык каржылоо көрсөтүлгөнүн,быйыл Евразиялык өнүктүрүү банкы аркылуу 50 миллион доллар кредит, 20 миллион доллар өздүк салым болуп, клинкерлер боюнча жаңы линияны куруу башталганын белгиледи.

Мындан сырткары заводдун мультипликативдик эффекти абдан чоң экенин белгилеп, мүшөк чыгарган ишканадан тартып, керектөөчү ишканаларга чейин – жалпысынан 45 компания менен кызматташып жатканын кубаттады.

Маалымат үчүн: Кант цемент заводунда учурда 850 адам туруктуу жумуш оруну менен камсыз болуп, жылына 1,1 миллион тоннадан ашык цемент өндүрөт.

Жаңы линия салынып бүтсө, клинкер кирпичтери кургак түрдө чыгарылып, өндүрүштүк кубаттуулугу – суткасына 2500 тонна, бир жылда 800 миң тонна жогорку сапаттагы клинкер чыгарат.

Клинкер – бул курулуш материалы. Ал акиташ, чопо жана шлактын агломерацияланган аралашмасын жогорку температурада күйгүзүү жана андан кийин майдалоодон пайда болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: