super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Өзгөндө курулушу жүрүп жаткан жана планга кирген бир катар долбоор менен таанышты 

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунда жана Өзгөн шаарында курулуш иштери жүрүп жаткан жана планга кирген бир катар долбоорлордун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматтарга караганда, Акылбек Жапаров алгач Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолунун курулушу менен таанышты.

Айланма жол шаардын борбору аркылуу өткөн негизги Бишкек-Ош жолуна альтернатива болот. Узундугу 13,491 чакырымды түзгөн унаа жолунун курулуш иши ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалган.

Иштин жүрүшү менен таанышып чыккан өкмөт башчысы жолдун сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мындан тышкары, коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин программасы аркылуу футболду өнүктүрүү максатында курула турган Өзгөн шарынын борбордук стадионунун долбоорун көрдү.

"Ал эми туризмди өнүктүрүү, шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу максатында Н.Азнабакиев атындагы Тынчтык эс алуу паркы жана Орто-Коргон борбордук стадиону реконструкцияланат. Ошондой эле, Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагына “Өзгөн мал базары” муниципалдык ишканасын куруу долбоору менен таанышты. Жалпы аянты 9 гектарды ээлеген мал базардын курулушу менен жарандар үчүн бардык шарттар түзүлөт. Анда угуштуу ылаңдарга күмөндөлгөн мал жандыктарды кармоочу жайы, дезинфекциялоочу каражаттарды сактоочу жайы, ветеринардык бөлмөлөр болот", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: