Бишкекте майрам күндөрү коомдук транспорт кадимки тартипте иштейт
Бишкек шаарында коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдирди.
Быйыл Орозо айын эске алуу менен Бишкек шаарынын мэриясы “Нооруз-2024” майрамын үч күн тактап айтканда 20, 21, 22-март күндөрү өткөрөт. Бул күндөрү борбор калаанын муниципалдык транспортунун иштөө графиги саат 05:40тан 23:40ка чейин сакталат.
Эске салсак, Нооруз майрамында Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин каттаган коомдук транспорт убактылуу Киев көчөсүнө багытталды.
Коомдук транспорттун кыймылын онлайн режиминде “Мениин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу байкоого болору кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.