super.kg logo

Бишкекте 35 жаштагы жаран балдарды порно бизнеске тартууга шектелип кармалды (видео)

 

Бишкекте баланы порно бизнеске тартууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз милициясы Нидерландиянын жана Норвегиянын полиция кызматтарынын жардамы менен интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүдө балдарга карата сексуалдык зомбулукту камтыган материалдарды интернетке жайылтуу фактылары аныкталган.

Ошондой эле мындай мазмундагы сайттар өлкө аймагында дагы түзүлүп, таратылып жатканы аныкталган жана аларды түзүп, жайылткан адамдар жөнүндө маалыматтар такталган. Бул сайттарга кирүү крипто-транзакциялар аркылуу ишке ашырылары жана накталай акча алуу Кыргыз жарандарынын катышуусу менен жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар да алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесине (Баланы порно бизнеске тартуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1989-жылы туулган Н.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Анын үйүн тинтүү учурунда техникалык жабдуулар, компьютерлер жана ага тиешелүү тетиктер табылды. Стационардык компьютерлердин биринде жайгашкан программалык камсыздоону жана файлдарды текшерүүдө балдардын порнографиялык материалдарын камтыган файлдар ачыкталды. Учурда жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, алардын аракеттерине юридикалык баа берүү максатында кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.






22.03.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: