super.kg logo

Социалдык тармакта диний экстремисттик уюмдун материалдарын тараткан жаран аныкталды

 

Социалдык тармакта диний экстремисттик жана террористтик уюмдун материалдарын тараткан жаран аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Ички иштер министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош ОИИБинин жана УКМКнын кызматкерлери социалдык тармактарда "А" аттуу активдүү колдонуучу террористтик жана экстремисттик уюмдарга тийиштүү болгон материалдарды таратып жаткандыгы тууралуу маалымат алышып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.

Чогултулган материалдар жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында, өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "ИШИМ" диний экстремисттик жана террористтик уюмуна таандык экендиги аныкталган.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү делген Ноокат районунун 2005-жылы туулган тургуну Ю.А.нын үйүн тинтүүдө диний экстремисттик мазмунду камтыган болушу мүмкүн делген китептер табылып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

"Буга чейин шектүүнүн бир тууган агасынын үстүнөн да Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: