super.kg logo

Сокулукта 13 жашар кызды зордуктады деп шектелген эки жарандын баш коргоо чарасы каралууда 

 

Бүгүн, 22-мартта Чүйдүн Сокулук райондук сотунда 13 жашар секелек бир жылдай убакыттан бери 9 эркек тарабынан зордукталып жүргөн делген окуя боюнча шектелип кармалган эки жарандын баш коргоо чарасы каралууда.

Кармалган балдардын ата-энелеринин айтымында, экөө тең 18 жашта. Алардын баш коргоо чарасы жабык эшик артында каралууда.

Буга чейин өспүрүм кызды зордуктады делген 9 баланын биринин апасы кыз тарап туура эмес маалымат таратып, жалаа жаап жаткандыгын айткан.

Эске салсак, Акыйкатчы институту 20-мартта Сокулукта 13 жашар секелек бир жылдай убакыттан бери системалуу түрдө 9 эркек тарабынан зордукталып жүргөнүн маалымдаган.

Андагы маалыматка караганда, алар кызды зордуктап, эч кимге айтпа деп коркутушкан. Кыз ата-энесине айткандан коркуп, бул убакыттын ичинде ал үч жолу өз жанын кыюуга аракет кылган. Үстүбүздөгү жылдын январь айында кыз дайынсыз жоголуп 20 күндөн кийин гана табылган.

Жоголгон кыз табылгандан кийин балдар менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсүнө кандай кордуктан өткөнүн айтып берген. Ошондо гана кыздын ата-энеси окуя тууралуу билип, милицияга арыз жазышкан. Кыздын ата-энеси акыйкатчы менен жолугуп, жашы жете элек кызынын укугун коргоп берүүнү өтүнгөн.

Буга улай эле Чүй облустук милициясы бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: