super.kg logo
  Саясат  

Москвадагы ок атуу: Садыр Жапаров Владимир Путинге көңүл айтты

 

Бүгүн, 23-мартта президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Маалым болгондой, Жапаров Путинге Москвадагы террактка байланыштуу телеграмма жолдогон.

Жеке өзүмдүн атымдан жана Кыргыз элинин атынан 22-мартта "Крокус Сити Холлдо" көп сандаган адам өлүмү менен коштолгон ок атуунун натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана чын жүрөктөн кайрат сөздөрүбүздү жеткирүүнү өтүнөм.

Бул кылмышты чечкиндүү айыптоо менен бул жамандыкка натыйжалуу каршылык көрсөтүүгө багытталган аракеттерди колдой турганыбызды билдиребиз жана эл аралык терроризмге каршы күрөштө бүтүн дүйнөлүк коомчулуктун аракеттеринин биригишин жактайбыз”,- деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Эскерте кетсек, кечээ, 22-марттын кечинде Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атылып, ондогон адам каза болгону кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: