super.kg logo

ТИМ: "Крокустагы" терактыдан кыргызстандыктар жабыркады деген маалымат тастыкталган жок

 

Москвада орун алган ок атууда эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, жабыркагандардын алдын ала берилген тизмесинде Кыргызстандын эки жараны тууралуу маалымат такталган эмес. Учурда өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги менен Москва шаарындагы элчилиги каргашалуу окуяда жабыркагандар тууралуу маалыматты тактоо иштерин жүргүзүүнү улантууда.

Эске салсак, кечээ, 22-март күнү кечинде Москва шаарындагы Crocus City Hall концерттик залында ок атуу орун алган. Каргашалуу окуя "Пикник" тобунун концерти өтүп жаткан учурда болгон. Анда белгисиз адамдар ок чыгарышкан. Имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан.

Орусиянын Тергөө комитетинин соңку маалыматы боюнча, терактыдан 60тан ашык адам каза таап, ооруканаларга жаракат алган 147 адам түшкөн.

Бул окуяны Орусиянын ТИМи теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: