"Крокус Ситиде" кыргын уюштургандардын болжолдуу сүрөтү тарады
Москва шаарындагы "Крокус Сити Холл" борборунда теракт уюштургандардын болжолдуу сүрөтү социалдык тармактарга тарады.
Андагы маалыматка ылайык, теракт уюштургандар "Крокус Ситиге" ак Рено үлгүсүндөгү унаа менен келип, унаадан эле ок чыгара башташкан. Алар ушул эле унаа менен из жашырышы мүмкүн.
Айрым маалыматтарга караганда, теракт уюштургандардын бири жаракат алган.
Кечээ, 22-мартта Москванын түндүк-батышындагы Crocus City Hall концерттик залында теракт болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, камуфляж кийген кеминде үч адам ок чыгарып, кийин жарылуулар болуп, андан кийин өрт имараттын үстүнкү кабаттарын дээрлик толугу менен жок кылган. 60 киши каза болуп, жүздөн ашууну, анын ичинде балдар жарадар болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.