Акылбек Жапаров орусиялык кесиптеши Михаил Мишустинге көңүл айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москадагы терактыга байланыштуу орусиялык кесиптеши Михаил Мишустинге көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.
"Крокус Сити Холлдо" көп сандаган курмандыктарга алып келген террордук чабуулга байланыштуу менин чын жүрөктөн жана терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Кыргызстандын министрлер кабинети зарыл болгон ар тараптуу жардамдарды көрсөтүүгө жана жапа чеккендерге колдоо көрсөтүүгө даяр. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, колдоо көрсөтүү сөздөрүн жеткирип коюшуңузду өтүнөм", - деп айтылат өкмөт башчысынын телеграммасында.
Эске салсак, кечээ, 22-марттын кечинде Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атылып, 60тан ашык адам каза болду. Бул окуяны Тергөө комитети "теракт" деп атап, кылмыш ишин козгоду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

Рейтинг:
0

