super.kg logo

"Крокус Ситидеги" теракт: Тажикстан билдирүү жасады

 

Коңшу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы теракт болгон Крокус Сити Холлдогу окуяга тажик жарандарынын катыштыгы бар деген маалымат тараганына байланыштуу маалымат каражаттарына кайрылды.

"Москвадагы «Крокус Сити» концерттик комплексинде болгон террордук актка байланыштуу, биз тажикстандык жарандардын болжолдуу катыштыгы бар деген маалыматты таратууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарылдыгына көңүл бурабыз", - деп айтылат ишемби күнү ведомствонун телеграм-каналында жарыяланган кайрылууда.

Тажик тарап бул ишке Тажикстандын жарандарынын катыштыгы бар деген маалымат боюнча Орусиянын расмий бийлигинен ырастоо ала элек экендигин баса белгиледи.

"Ушуга байланыштуу Орусиянын мамлекеттик органдары тараткан расмий маалыматка таянууну суранабыз. Текшерилбеген жана ишенимсиз маалыматтарды таратуу учурда өлкөнүн чегинен тышкары жүргөн Тажикстандын жарандарына зыян алып келерин эске алуу керек", — деп айтылат документте.

Буга чейин BAZA телеграм каналы террорчулар отурган делген ак түстөгү Renault унаасы Брянск облусунан токтотулуп, унаанын ичиндеги эки адам кармалганын кабарлаган. Аталган канал ошондой эле кармалгандар Тажикстандын жарандары экенин кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.03.2024. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына көрдүңөрбү, булар кайсыл жерде болбосун жанын жеп көнүп алышкан, анан күтүүсүз кол салганды адатка айлантып алышкан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: