super.kg logo

"Крокустагы" теракт боюнча 11 киши кармалганы айтылды

 
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников президент Владимир Путинге "Крокустагы" кол салуу боюнча 11 киши кармалганын маалымдады. Бул тууралуу Кремлден кабарлаганын жергиликтүү басылмалар жазды.
Ага ылайык, алардын арасында бул кандуу окуяны жасаган төрт террорчу да бар экени айтылды.
Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, алар кол салуудан кийин Орусия менен Украинанын чек арасын кесип өтүүнү көздөшкөн. Ошондой эле алар колдонгон курал-жарактар алдын ала жашыруун жайда даярдалганы кошумчаланды.
Эске салсак, "Крокус сити холл" концерттик залындагы теракт 22-мартта орун алган. Маалым болгондой, окуя "Пикник" тобунун концерти өтүп жаткан учурда болгон. Анда белгисиз адамдар ок чыгарышкан. Имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан. Бл каргашалуу окуядан көз жумгандар жана жаракат алгандар катталган.
Соңку маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 93кө жетти. Арасында жаш балдар да бар. Ал эми жаракат алгандар 121 киши болсо, алардын 107си ооруканага жаткырылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: