super.kg logo

Бишкекте шаарды көрктөндүрүү максатында жалпы ишембилик өттү (фото)

 

Бүгүн, 23-мартта Бишкекте шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында жалпы шаардык ишембилик өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматтарга караганда, калаа башчысы Айбек Жунушалиев ишембиликтин алкагында борбор калааны кыдырып, чарбалык субъектилерди жана ишканаларды текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Бакаев көчөсү текшерилип, муниципалдык инспекцияга жашыл аянтка токтотулган унаалардын айдоочуларына тез арада чара көрүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Ата-Түрк паркын борбордук аппараттын жана төрт райондун кызматкерлери тазалышты. Мындан тышкары мекемеге караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлери борборду бекитип берилген аймактарында тазалоого өз салымдарын кошту.

"Ишембиликке жалпысынан 20 миңден ашуун адам, 650дөн ашык уюм катышты. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 50дөн ашык атайын техникасы тартылып, түшкө чейин 83 тоннага жакын таштанды чыгарылды. Ишембиликке шаардын бардык төрт районунда райондун жашоочулары, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери, райондун бардык кызматтарынын кызматкерлери, ЖОЖдордун студенттери, ошондой эле уюмдар, ишканалар жана чарбалык субъекттер активдүү катышты", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: