super.kg logo

"Крокустагы" кыргын: 29 жаштагы кыргызстандыктын тирүү экени белгилүү болду

 

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Крокус Сити Холлдогу теракттан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандыктарга карата тактоо жана издөө иштерин улантууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, элчилик Москва облусунун Саламаттыкты сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз иштеп жатат. Анын жыйынтыгында каргашалуу окуядан кийин дайынсыз болууда делген айрым кыргызстандыктар тууралуу маалымат такталып, алардын тирүү экени кабарланды.

"22-март күнү терактта 1995-жылдын 20-ноябрында туулган Кыргыз жараны А.М.Анын каза болушу мүмкүн экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бирок элчилик анын туугандары менен байланышып, тирүү экени тастыкталган.

Ошондой эле 1970-жылы туулган Э.Б.Кнын кандуу окуядан жаракат алганы тууралуу маалымат тастыкталган жок. 22-мартта ал терактка тиешеси жок себептерден улам ооруканага түшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Учурда элчиликтин кызматкерлери 24 жаштагы Эдита Жусупова менен 20 жаштагы Майза Гүлжигит кызын издөөнү улантууда. Азырынча кыздар менен байланыш дагы деле жок. Алар жабырлануучулардын, каза болгондордун тизмесинде да тастыкталбаганы кошумчаланды.

Эске салсак, кечээ, 23-мартта социалдык тармактарга Москва шаарындагы терактан кийин "Крокус" кафесинде иштеген эки кыргызстандык кыз жок болуп жатканы тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: