super.kg logo

"Крокустагы" теракт: Кармалгандардын бирин эки жума мурун "Крокус Ситиден" көрүшкөн (фото)

 

Москвадагы "Crocus City Hall" имаратына кол салуудан кийин кармалгандардын бири кол салуудан бир аз мурда концерт өтүүчү жайга барган. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.

Телеграм канал эки сүрөттү жарыялады. Биринчисинде - тизелеп отурган кармалган адам, экинчисинде - ага окшош адам же ошол эле шектүү жарандык кийимчен.

Экинчи сүрөттү 7-мартта "Крокустагы" иш-чаралардын биринде иштеген фотограф тартканы айтылууда. Фотограф ал күнү келгендерди сүрөткө тартып жатканын, 22-марттагы теракттан кийин ал сүрөт эсине түшүп, андагы кармалгандардын бирин тааныганын айткан. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, бул терактка шектелген Фариддун Шамсутдин.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал имараттын жайгашкан жерин изилдөө жана качуунун жолдорун ойлонуу үчүн "Крокуска" барган. 112 телеграм каналы өз булактарына таянуу менен, террорчулар "Крокуска" мурда бир нече жолу барышканын, алар массалык өлтүрүүнү кылдат пландаштырышканын жазды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: