Жүздөгөн адамдын өмүрүн сактап калган Ислам: "Кыргызстанга жайында барам" (видео)
“Крокустагы” кандуу окуяда 100дөн ашуун адамдын өмүрүн сактап калган кыргызстандык өспүрүм Ислам Халилов жай айында Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Ислам блогер Адилет Ногойбаев менен жолуккан учурда билдирди. Анда Ногойбаев "Кыргызстанга тез-тез барып турасыңбы?" деп суроо узаткан.
"Мен Кыргызстанга 4 жылдан бери бара элекмин. Жайкы каникулда барам", - деп жооп берген.
Ошондой эле ал "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы каргашалуу окуя тууралуу дагы айтып берген.
"Мен ал учурда өзүм дагы шок абалда болдум. Элдер оң тарапка качып жатышты, негизи сол тарапка барыш керек эле. Мен аларды көрүп, туура жолду көрсөтүп, элди сыртка алып чыкканга аракет кылдым", - деген ал.
Ал эми бул окуядан кийин ага мотоцикл белекке беришкенин, орусиялык ырчы Моргенштерн 1 миллион рубль которгонун айтты.
Жүздөгөн адамдын өмүрүн сактап калган Ислам: "Кыргызстанга жайында барам"
