super.kg logo

"Кайын журтунун басымына чыдабай...". Ошто бир жылдан бери издөөдө жүргөн келин Бишкектен табылды

 

Бир жылдан бери издөөдө жүргөн Ош шаарынын тургуну Сахибохон Кочкарова Бишкектен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, аны милиция Ош шаарына алып келип, туугандарына өткөрүп берди.

Сахибохон Кочкарова былтыр 28-декабрда жаңы төрөлгөн баласын тууганын үйүнө таштап кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Бул убакыт аралыгында ал Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде жашырынып иштеп жүргөн.

Келин укук коргоо органдарына өзүнүн издөөдө жүргөндүгүн билгенин жана үйдөн кайын журтунун моралдык басымына чыдабай чыгып кеткенин билдирген.

“Издөөдө жүргөнүмдү билип, цехтин ичинен чыкпай, анын ичиндеги атайын жатаканада жатып иштеп жүрдүм. Оштон келген милицияларга кармалган күнү ооз ачарга бир нерсе алайын деп сыртка чыккам. Бирок эртеби-кечпи барыбир үй-бүлөмө барууну ойлоп жүргөм”,- деген Кочкарова.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул келин боюнча багыттамалар бардык аймактарга жөнөтүлүп, массалык маалымат каражаттары аркылуу дагы издөөгө жарыяланганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: