Өлкөдө балдарды 1-класска электрондук каттоо 8-апрелде башталат
2024-2025-окуу жылына карата балдарды 1-класска электрондук каттоо 8-апрелде башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалымдалгандай, электрондук каттоо автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.
Алсак, биринчи этап жашаган же катталган жери боюнча 8-апрелден 2-июнга чейин, экинчи этап анык жашаган жери боюнча 3-июндан 30-августка чейин созулат.
Ал эми ата-энелер балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттайт.
1-класска кирүү үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
– баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;
– баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери: мыйзам чегинде белгиленген тартипте баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына аныктоо үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;
– ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
– баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин биринин паспорту, же болбосо мыйзамда белгиленген тартипте баланы 1-класска аныктоо үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;
– алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
– баланын 3х4 өлчөмүндөгү сүрөтү.
